• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын жетөөсү реанимацияда жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинде жетөө реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө 292 адам бейтапканаларда жатып, дарыланууда.

"Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын жетөөсү реанимацияда жатат. 22 бейтаптын абалы орточо оор. Абалы канааттандырарлык жана оорунун белгилери байкалбаган бейтаптардын саны 258ди түзөт", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-апрелге карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 695ти түзөт. Алардын ичинен 395 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий