• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, экөө жандандыруу бөлүмүндө - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 13.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, экөө жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча бейтапканаларда 457 жаран дарыланууда.

"Алардын ичинен 12 адамдын абалы оор, 808 бейтап орточо оор жана 357 жаран канааттандырарлык абалда. Жандандыруу бөлүмүндө 2 адам болууда", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 13-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2207 учур катталды. Алардын ичинен 429у медицина кызматкери. Илдеттен 1722 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 27 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий