• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус жуктурган 12 бейтаптын абалы оор – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө коронавирус жуктурган 12 бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда ооруканаларда 351 бейтап жатат. “Алардын ичинен 12 адамдын абалы оор болуп, анын бешөө реанимация бөлүмүнө жайгаштырылган. Ал эми 54 бейтаптын абалы орточо оор, 285 бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда", - деди ал.

Башкы санитардык дарыгер баса белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата 254 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 22-апрелге карата коронавирус жуктурган 22 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 612ге жетет. Алардын ичинен 254 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 7 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий