• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коронавирус жуктурган 13 адамдын абалы оор, анын алтоосу реанимацияда жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган 13 адамдын абалы оор, алтоосу реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда 304 адам бейтапканаларда жатып, дарыланууда.

"Коронавирус жуктурган 13 адамдын абалы оор, анын алтоосу реанимацияда жатат. 21 бейтаптын абалы орточо оор. 270 адамдын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 26-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 682ни түзөт. Алардын ичинен 370 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий