• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Коронавирус жуктурган 13 бейтаптын абалы оор, анын ичинен үч киши реанимацияда жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 13 бейтаптын абалы оор, анын ичинен үч киши реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган 564 адам ооруканаларда дарыланып жатат.

“13 бейтаптын абалы оор, анын ичинен үч киши реанимацияда жатат. 88 адамдын абалы орточо оор, 463 бейтаптын абалы канааттандырарлык”, - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-июнга карата коронавирус жуктурган 25 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2032ни түзөт. Алардын ичинен 1445 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 23 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий