• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирус жуктурган 13 бейтаптын абалы оор, анын төртөө реанимацияда жатат – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган 13 бейтаптын абалы оор, анын төртөө реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Учурда ооруканаларда 370 бейтап жатат. 13 адамдын абалы оор болуп анын төртөө реанимацияда жатат. Калган 357 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-апрелге карата коронавирус жуктурган 23 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 489га жетет. Алардын ичинен 114 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий