• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус жуктурган 139 жарандын абалы оор, 18 бейтап жандандыруу бөлүмүндө - Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган 139 жарандын абалы оор, 18 бейтап жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, стационарларда 645 бейтап дарыланууда. Алардын 139у оор абалда, 404ү орто оор жана 102си канааттандырарлык абалда. Ал эми 18 жаран жандандыруу бөлүмүндө.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 11 миң 977ге жетти. Алардын ичинен 1980и медицина кызматкери. Илдеттен жалпы 5314 (үй изоляциясынан 1654) жаран айыкса, коронавирус жуктурган 160 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий