• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус жуктурган 16 бейтаптын абалы оор – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө коронавирус жуктурган 16 бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда ооруканаларда 360 бейтап жатат. “Алардын ичинен 16 адамдын абалы оор болуп, анын сегизи жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылган. Ал эми 300дөн ашык бейтаптын абалдары канааттандырарлык жана орточо оор деп бааланууда", - деди ал.

Башкы санитардык дарыгер баса белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата 201 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 568ге жетет. Алардын ичинен 201 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 7 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий