• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус жуктурган 2 адам реанимацияда жатат – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган 2 адам реанимация бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Ал бүгүнкү күнү коронавирус жуктурган жаңы учурлар катталбаганын айтып, ооруга чалдыккандардын саны 58ге жетерин белгилеп өттү.

"Реанимацияда эки адам жатат. Алардын абалы өтө оор эмес, туруктуу", - деди ал.

Белгилей кетсек, кечээ, 27-мартта коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова реанимацияда болгон 6 адамдын бешөөсү палатага которулганын, 1 адам реанимацияда жатканын билдирген.

Эскерте кетсек, 27-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58ге жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий