• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус жуктурган 312 бейтап ооруканаларда дарыланууда - Абдикаримов

COVID - 19 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө коронавирус жуктурган 312 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, учурда ооруканаларда 312 бейтап жатат. “Алардын ичинен 13 адамдын абалы оор болуп, анын алтоо реанимация бөлүмүнө жайгаштырылган. Ал эми 37 бейтаптын абалы орточо оор, 262 бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда", - деди ал.

Министр баса белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата 345 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 25-апрелге карата коронавирус жуктурган 9 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 665ке жетти. Алардын ичинен 345 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий