• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус жуктурган 367 бейтап ооруканаларда дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө коронавирус жуктурган 5 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда ооруканаларда 367 бейтап жатат. “Алардын ичинен 12 адамдын абалы оор болуп, анын бешөө жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылган. Ал эми 350 бейтаптын абалдары канааттандырарлык деп бааланууда", - деди ал.

Башкы санитардык дарыгер баса белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата 216 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21-апрелге карата коронавирус жуктурган 22 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 590го жетет. Алардын ичинен 216 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 7 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий