• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус жуктурган 52 бейтаптын абалы оор

COVID - 19 0

Бишкек, 27.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 52 бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, ооруканада 628 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 52 бейтаптын абалы оор − 12 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 222 адамдын абалы орточо оор, 354 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Оорунун белгилери жок 1627 бейтап үй көзөмөлүндө болууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-июнга карата коронавирус жуктурган 309 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 4513тү түзөт. Алардын ичинен 2212 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 46 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий