Коронавирус жуктурган 593 адам бейтапканаларда дарыланууда, анын ичинен 12 адамдын абалы оор

COVID - 19 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 593 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен беш киши реанимацияда жатат. 82 адамдын абалы орточо оор, 499 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 30-майга карата коронавирус жуктурган 60 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1722ни түзөт. Алардын ичинен 1113 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий