• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус жуктурган 9 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө коронавирус жуктуруп алгандардын тогузу жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда ооруканаларда 416 бейтап жатат. “Алардын ичинен 16 адамдын абалы оор болуп, анын тогузу жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылган. Ал эми 400 бейтаптын абалдары канааттандырарлык жана орточо оор деп бааланууда", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирус жуктурган 48 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 554кө жетет. Алардын ичинен 133 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий