• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус жуктурган дагы 1 адам каза болду – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

"Ноокат райондук аймактык ооруканасында 87 жаштагы 1 бейтап каза болду. Жакындарына көңүл айтабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин коронавирус жуктурган 4 адам каза болдгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-апрелге карата коронавирус жуктурган 18 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 298ге жетет. Алардын ичинен 39 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий