• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирус жуктурган дарыгерлерге кенемте берүү: Эпидемиологиялык териштирүү жүрүүдө – Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Атайын комиссия медицина кызматкерлеринин коронавирусту жуктуруп алышына байланышкан материалдарды изилдеп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Маалымат жыйында Каратаевге, коронавирус жуктурган медицина кызматкерлерине кенемте берүүнү атайын комиссия териштирүүнүн негизинде чече турганы айтылган, ал комиссияга кимдер кирди деген суроо узатылды.

"Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүш бирикмесинин алдында Инфекциялык көзөмөл республикалык борбору бар. Ал жактан 3 адис Ош облусуна чыгып кеткен. Алар эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүүдө. Алар медицина кызматкерлеринин ооруну жуктуруп алышына байланышкан материалдарды изилдеп чыгышат. Андан кийин комиссия Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы республикалык штабга корутундусун берет. Штаб өз корутундусун чыгарып, анын негизинде кенемте берүү маселеси каралат. Мурда айтылгандай, коронавирус жуктуруп алган учурда 200 миң сом, Кудай сактасын, каза болгон учурда 1 млн сом төлөнөт", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-апрелге карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 377ге жетет. Алардын ичинен 54 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий