• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коронавирус жуктурган кош бойлуулардын көбү Бишкекте катталган - статистика

COVID - 19 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Жалпысынан кош бойлуулар, жаңы төрөгөн айымдар жана ымыркайлар арасында республика боюнча COVID-19 вирусу тастыкталган 82 учур катталды. Жалпы санынан бүгүнкү күнгө карата стационарлардан 5 кош бойлуу айым айыгып чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, коронавирус жуктурган кош бойлуу аялдар: Бишкек шаарында 11, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда бир жана Нарын облусунда 5. Жаңы төрөгөн айымдар боюнча Ош облусунда (Ош шаардык перинаталдык борбору) 38 жана Нарын облусунда 11 айым илдетке кабылган.

Ал эми Бишкек шаарында бир жана Ош облусунда (Ош шаардык перинаталдык борбору) 12 ымыркай аталган инфекцияны жуктурган.

Белгилей кетсек, 10-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2093 учур катталды. Алардын ичинен 409у медицина кызматкери. Илдеттен 1572 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий