• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус жуктурган медиктерге каралган 200 миң сом атайын комиссиянын чечиминен кийин төлөнүп берилет – Исмаилова

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган медиктерге каралган 200 миң сом атайын комиссиянын чечиминен кийин төлөнүп берилет. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 илдети менен ооруган медкызматкерлерге 200 миң сом төлөнүп бериле элек. Илдетке чалдыккан медиктерге акча каражатын төлөп берүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. "200 миң сом төлөмдөрү боюнча атайын комиссия иштеп жатат жана анын чечиминен кийин гана акча каражаты төлөнүп берилет. Бүгүнкү күнгө чейин эч кимге төлөнүп бериле элек", - деди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

Белгилей кетсек, өкмөт тарабынан эгер медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган болсо 200 миң сом, ал эми жуктуруп алган кызматкер өлүмгө дуушар болсо 1 млн сом берүү боюнча чечим кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий