• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин 78%ы айыкты – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин 78%ы айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бүгүн, 13-майга карата өлкөдө медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган эмес. Ошол эле учурда 3 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Кыргызстанда жалпы 241 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Анын ичинен 189 кызматкер айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 13-майга карата коронавирус жуктурган 7 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1044тү түзөт. Алардын ичинен 726 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий