• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус жуктурган Нарын шаарынын биринчи вице-мэринин абалы канааттандырарлык

Аймак 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган Нарын шаарынын биринчи вице-мэринин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

"18-май күнү Нарын облустук бириккен ооруканасына COVID-19 диагнозу менен Нарын шаарынын биринчи-вице-мэри Давид Курманов жаткырылды. Дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык деп айтышууда", - деп билдирет штаб.

Эскерте кетсек, буга чейин Нарын шаарынын мэриясы шаардын биринчи вице-мэри коронавирус жуктуруп алганын, ага байланыштуу Нарын шаардык мэриясынын имараты карантинге жабылып, жетекчилиги жана кызматкерлери аралыктан иштеп жатканын билдирген. Ошондой эле биринчи-вице-мэр менен байланышта болгондордун баары аныкталып, алардан анализ алынган.

Пикир

Оставить комментарий