• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус жуктургандар менен 10 миң 446 жаран байланышта болгон – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Коронавирус жуктургандар менен 10 миң 446 жаран байланышта болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 671 адам жатат.

Белгилей кетсек, 16-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2472 учур катталды. Илдеттен 1847 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 28 адам (+1 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий