• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус жуктургандар менен 15 миңден ашуун жаран байланышта болгон – Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Коронавирус жуктургандар менен 15 миң 65 жаран байланышта болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Белгилей кетсек, 24-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 3726 учур катталды. Илдеттен 2082 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 42 адам (+1 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий