• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус жуктургандар менен 16 миңден ашуун жаран байланышта болгон – Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Коронавирус жуктургандар менен 16 миң 265 жаран байланышта болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Белгилей кетсек, 25-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 3954 учур катталды. Илдеттен 2112 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 43 адам (+1 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий