• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коронавирус жуктургандар менен 7 миң 593 адам байланышта болгон – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандар менен 7 миң 593 адам байланышта болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жакын байланыштар (I категория) – 1 миң 612 адамды, ал эми башка байланыштар (II категория) – 5 миң 981 адамды түзөт.

Ошондой эле ал белгилегендей, Кыргызстан боюнча обсервацияда 857 адам жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-апрелге карата коронавирус жуктурган 23 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 489га жетет. Алардын ичинен 114 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий