• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус жуктургандар менен дээрлик 17 миң жаран байланышта болгон – Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Коронавирус жуктургандар менен 16 миң 985 жаран байланышта болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Белгилей кетсек, 26-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 4204 учур катталды. Илдеттен 2162 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 43 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий