• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус жуктургандарды ооруканага кабыл алуу боюнча жаңы алгоритм бекитилди - Абдикаримов

COVID - 19 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган жарандарды ооруканага кабыл алуу боюнча жаңы алгоритм бекитилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен эки алгоритм бекитилди.

“Алар мобилдик топтордун чакырыктарга баргандагы иш-аракеттери жана стационарларга кайсы оору менен ооругандар жаткырылып, кайсынысы үй шартында калары жазылган. Чакырыкка барган медкызматкерлер жарандын таржымалын түзөт. Ага ылайык үч топко бөлөт. Биринчи, адамдын абалы өтө оор абалда болсо, дем алуунун саны 30дан көп, кычкылтек көрсөткүчү (сатурация) 90 пайыздан аз болгондор, экинчи, орто оор абалда, дем алуусунда кыйынчылык жаралса, дем алуунун саны 30дан кем, кычкылтек көрсөткүчү 93 пайыздан аз болгондор, үчүнчү, жеңил абалда, дем алуусунда кыйынчылык жок, дем алуунун саны 20дан аз, кычкылтек көрсөткүчү 95 пайыз болгондор. Ошондой эле 60 жаштан жогору, кант диабет, жүрөк-кан тамыр, өпкө, бөйрөк оорулары бар, үйдө шарты жок, 5 жашка чейинки балдары бар, кош бойлуу аялдар, иммунитети начар жана өнөкөт оорулары менен жапа чеккендер ооруканага жаткырылат”, - дейт ал.

Абдикаримов кошумчалагандай, жарандар коронавирусту аныктай турган анализдин жыйынтыгын күтпөстөн ооруканага жаткырылат.

“Ошондой эле жарандар, мурункудай 14 күн күтпөстөн, анализдери таза чыкса 2-3 күндө үйүнө медициналык көзөмөлгө алынып, чыгарылат”, - деди министр.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган жалпы 5017 учур катталды. Алардын ичинен 783ү медицина кызматкери. Илдеттен 2294 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 50 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий