• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус жуктургандардын 65%га чейинки учурунда бейтаптарда оорунун белгилери байкалбашы мүмкүн – Нурматов

COVID - 19 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Коронавирус жуктургандардын 65%га чейинки учурунда бейтаптарда оорунун белгилери байкалбашы мүмкүн. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

"Бул вирусту жуктургандардын баары эле ооруп калбайт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму февраль айларында ооруну жугузуп алгандардын 20-25%ы оорубайт, аларда оорунун белгилери болбойт деп жарыялаган", - деди ал.

Анын айтымында, жакында АКШда дагы аскер кызматкерлери арасында изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча коронавирусту жуктургандардын 65%га чейинки учурунда оорунун белгилери жок болгон.

"Кыргызстандын дарыгерлеринин акыркы берген маалыматтарына таянсак, оорулуулар биринчи келип түшкөндө 67%ында оорунун белгилери жок болгон. Бул өтө көп. Акыркы дүйнөдө берилип жаткан статистика менен биздин маалыматтар туура келип жатат. Бейтапканада дарыланып жаткандарга кайрылып кетким келет. Алар эки себеп менен ооруканага жаткырылат", - деп ал, бейтаптар биринчи кезекте дарылоо үчүн, экинчиси алар ооруну башка адамга жугузбашы үчүн ооруканага жаткырыларын айтты.

"Айрым адамдарда оорунун белгилери жок болгону менен эртең же кийинки күндөрү белгилери чыгышы мүмкүн. Ооруканага жаткырылгандар кээ бир учурда "мени жөн эле жаткырып койду" деп айтып жатпайбы, ошону туура түшүнүшү керек", - деди ал.

Анын менен бирге ал коронавирустун белгилери байкалбаган бейтаптарды үйүндө дарыласа болбойбу деген суроо болуп жатканын айтып өттү.

"Ал да туура, үйүндө дарыласа болот. Европада, Россияда үйдө дарылоо ыкмасы колдонулуп жатат. Биз элдин менталитетин эске алуу менен баарын ооруканага жаткыралы деген чечим кабыл алганбыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-майга карата коронавирус жуктурган 26 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 795ти түзөт. Алардын ичинен 564 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий