• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус жуктургандардын арасында депутат, саясатчылар барбы? Үсөнбаевдин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө депутат, саясатчылар арасында илдетти жуктурган учурлар жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Депутаттардын арасында коронавирус жуктурган учурлар катталган жок, бирок илдетти жуктургандар менен байланышта болгондордун ичинде белгилүү адамдар болгон. Алар да үй карантинине алынган. Бирок илдетти жуктуруп алган эмес", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 708ге жетти. Алардын ичинен 185и медицина кызматкерлери. Илдеттен 416 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий