• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус жуктургандардын бирөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды – Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Коронавирус жуктургандардын бирөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал, кечээ Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп айтылганын белгиледи. Алардын бирөө 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Калгандарынын – 12 адамдын абалы канааттандырарлык.

Учурда өлкөдө COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14кө жетет (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий