• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дарыгерлердин бардыгы жогорку деңгээлде иштешти – ИИМдин терапевти

COVID - 19 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. 27-август күнү президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыкка кол койгон.

Сыйлык алгандыгы жана жумушу тууралуу Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын терапевти Ольга Сиротина айтып берди.

- Канчадан бери медицина тармагында иштеп келесиз?

- Эмгек жолумду 1993-жылы поликлиникада иштеп баштагам. Кийин квалификациямды өркүндөтүп, 2001-жылдан баштап Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын терапевти болуп иштейм.

- Пандемия башталганда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңар?

- Июнь айында ооруканада орундуктар жок болду. Оорулуулар көп болгонуна карабастан бардыгына жетишип жаттык. Дарыгерлерибиздин бардыгы жогорку деңгээлде иштешти. Башында дары-дармектер боюнча көйгөй жаралды, бирок жетекчилик бизге керектүү дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздап турду.

- Азыр абал кандай?

- Азыр баары жакшы, дары жана концентраторлор жетиштүү. Коронавирус жуктурган бейтаптардын саны азайып, дээрлик бардыгы айыкты.

- Бул сиздин биринчи сыйлыгыңызбы?

- Мамлекет тарабынан берилген биринчи сыйлык. Буга чейин Кыргыз милициясынын 85 жана 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сыйлык алгам.

Пикир

Оставить комментарий