• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коронавирус жуктургандардын он биринин абалы канааттандырарлык – Төлө Исаков

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков коронавирус жуктуруп, обсервацияда жаткан 12 адамдын саламаттыгы кандай экенин билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн ал коронавирус дагы алты адамдан аныкталганын билдирди – Баткенде бирөө, Сузакта бешөө. Учурда коронавирус жуктургандардын саны 12 кишиге жетти.

Анын айтымында, коронавирус жуктургандардын, бир адамдан башкасынын абалы канааттандырарлык.

"Ал бейтап Жалал-Абад облусундагы ооруканада жатат. Анын абалы коронавируска эмес, башка оорулары менен байланыштуу. Калгандарынын абалы жакшы", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий