• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус жуктуруп алгандар Кыргызстандын кайсы аймагынан? - райондорго бөлүп көрсөтөбүз

COVID - 19 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 116га жетти. 2-апрель эртең мененки саат 9га карата жаңы беш учур катталды. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 116га жетти. Алар - Жалал-Абад облусунда 54, Ош облусунда 30, Чүй облусунда 5, Баткен облусунда 3, Ош шаарында 10, Бишкек шаарында 8, Нарын облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 2.

“Ошондой эле райондордун деңгээлинде айта кетсек, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда - 48, Ала-Бука районунда - 3, Аксы району - 1, Жалал-Абад шаары - 1, Кара-Көл шаары – 1 учур, бардыгы болуп облуста 54. Ош облусунун Өзгөн районунда - 3, Кара-Суу районунда - 8, Ноокат районунда – 19, Ош шаарында - 10 учур, Ош шаарын кошкондо, бардыгы облус боюнча 40. Чүй облусунун Москва районунда -1, Аламүдүн району – 2, Сокулук району -1, Кант шаары -1, Бишкек шаарында 8 учур, Бишкекти кошкондо облус боюнча бардыгы 13 учур. Ысык-Көл облусунун Түп районунда 2 учур, бардыгы облуста 2. Баткен облусунун Баткен районунда 1, Кызыл-Кыя шаарында 2, бардыгы болуп облуста 3 учур, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 учур, бардыгы облус боюнча 4 учур катталган. Республика боюнча 116 учур катталды”, - деп кошумчалады ал.

Мамбетов белгилегендей, жуктурган 116 адамдын - 63ү аял кишилер, ал эми 53ү эркек кишилер.

Пикир

Оставить комментарий