• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Коронавирус жуктуруп же оорудан каза болгон учурда медиктерге берилүүчү компенсациялардын өлчөмү аныкталды

Өкмөт 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Кызматык милдеттерин аткарууда коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган медициналык кызматкерлерге берилүүчү компенсациянын өлчөмү 200 миң сомду түзөт, ал эми кызматкер каза болгон учурда компенсациянын көлөмү 1 миллион сомду түзөт. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Белгиленгендей, учурда врачтарга жана медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр берилүүдө. Тийиштүү органдарга финансылык каражаттарды өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөп берүүсү тапшырылды.

Кубатбек Боронов атайы иштелип чыккан www.help.covid.kg онлайн платформага коронавирустук инфекцияга каршы күрөш боюнча атайы эсептерге финансылык каражаттардын түшүүсү жана алардын кийинки колдонулушу; Саламаттык сактоо, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтерине келип түшкөн гуманитардык жардам тууралуу, ошондой эле калктын аярлуу катмарын колдоо үчүн эсепке финансылык каражаттардын келип түшүүсү тууралуу маалымат жайгаштырылгандыгын билдирди.

«Ыктыярдуу жана гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча атайы комиссиялар түзүлүп, анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекетик орган жана жарандык коом өкүлдөрү кирген. Биз келип түшкөн каражаттардын ачык-айкын жана максаттуу бөлүштүрүлүшүн камсыздайбыз», - деди ал.

Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе катары медициналык кызматкерлерди коргонуучу костюмдар жана жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоо маселеси турду. Коргонуучу каражаттардын жетишсиздиги жана алардын жоктугу тууралуу билдирүүлөрдү эске алуу менен коргонучу каражаттардын келип түшкөн саны жана алар менен медиктердин иш жүзүндө камсыздалышы маселеси тыкыр иликтөөгө алынууда.

«Түзүлгөн жагдай штаб тарабынан да, жарандык коомдун да нааразычылыгын жаратпай койбойт. Биз бул маселени тыкыр иликтеп, тобокелдик зонасында иштеген ар бир дарыгер коргоочу кийим менен камсыз болушун көзөмөлдөйбүз», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин, ошондой эле Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн республикада коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу боюнча жүргүзгөн иштери тууралуу маалыматтары угулду.

Аймактардагы тармактык органдарга даректүү жардам көрсөтүүнү жана пенсияларды үйлөргө өз убагында жеткирүүнү күчөтүү тапшырылды.

Борбор калаанын комендатурасында ишмердүүлүктүн уруксат берилген түрлөрү үчүн электрондук өткөрмө кагаз берүү иштерин күчтөндүрүү жана электрондук системага банктардын, уюлдук байланыш, жеке медициналык мекемелердин, интернет провайдерлердин кызматкерлерин ташууга уруксат берүүнү киргизүү маселесин кароо тапшырылды.

Ошондой эле карантиндик посттор уюштурулган калктуу пункттар аркылуу өткөн күнүмдүк керектелүүчү товарларды ташыган жана өлкөнүн райондорунун жана облустарынын ортосунда жазгы-талаа иштерине тартылган унаалардын тоскоолдуксуз жүрүүсүн көзөмөлдөө зарыл.

Ички иштер министрлигине жарандардын үй карантини эрежелерин сактоолорун көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий