• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавируска байланыштуу Ашхабадда массалык иш-чаралар токтоп, спорттук жайлар жабылууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Ашхабадда коронавируска байланыштуу үлпөт тойлор, массалык иш-чаралар токтоп, көңүл ачуу жана спорттук жайлар жабылууда. Бул тууралуу centralasian кызматы кабарлады.

Мындан тышкары баш калаадагы мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин дене табы текшерилип, окуучулар вируска каршы каражаттарды колдонууга милдеттендирилип жатат. Ошол эле маалда адамдардын көчөдө медициналык беткап тагынып жүрүүсүнө тыюу салынууда.

Маалыматка караганда, коронавирус жуктурган деп шек саналган жарандардын бардыгы Жугуштуу ооруларды дарылоо жана алдын алуу борборуна жөнөтүлүүдө.

Азырынча аталган жайда карантинде кармалып турган адамдардын саны боюнча так маалымат жок.

Түркмөнстандын бийлиги 25-февралда коронавирус тууралуу алгачкы жолу айтып, өлкөдө бул вирусту жуктургандар жок экенин билдирген. Ага чейин мамлекеттик ЖМКлар бул темага кайрылбай, коронавирустун дүйнөдө жайылып жаткандыгы тууралуу маалымат бербей келишкен.

Пикир

Оставить комментарий