• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Коронавируска бир жыл. Учурда Кыргызстанда эпидкырдаал туруктуу

COVID - 19 0

Бишкек, 18.03.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, былтыр кичи ажылыкка барып келген 3 жарандан 17-мартта коронавирус табылган.

"Учурда дары-дармектер, коргонуучу каражаттар, ооруканада орундуктар жетиштүү. Профилактикалык иш-чаралар аткарылууда", - дейт ал.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев ар бир 100 жылда дүйнөнү оор илдет каптай турганын айтат.

"Бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдө чектөөлөр киргизилип жатат. Кыргызстанда карантиндик чектөөлөр эпидкырдаалга байланыштуу болот. Бирок катуу талаптар, чектөөлөр киргизилбейт. Ошондой эле өзгөчө кырдаал режими алына электигин унутпашыбыз керек", - деди Үсөнбаев.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур 2020-жылдын 18-мартында катталган.

Пикир

Оставить комментарий