• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавируска карата алынган анализ канчалык так жыйынтык көрсөтөт? — Үсөнбаевдин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндө өткөн бирфингде саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаевге коронавируска карата алынган ПЧР-анализдин жыйынтыгы канчалык деңгээлде так жыйынтык көрсөтөт деген суроо узатылды. Анткени, №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкеринин анализи терс жыйынтык көрсөткөн, бирок ага карабастан аны менен байланышта болгон төрт кесиптеши ооруну жуктуруп алган.

Үсөнбаев билдиргендей, анализдердин жыйынтыктары 96-97 пайыз туура көрсөтөт.

“Оорунун өзүнүн өөрчүй турган процесси бар. Ал потогенез деп айтылат. Вирус келип организмге киргенче бир нече убакыт өтөт. Организмге түшкөндөн кийин канда өөрчүп, көбөйүп, андан кийин органдарга тарайт. Ошондон кийин оорунун белгилери байкала баштайт. Бул процесс бир нече күнгө созулат. Мисалга 14 күн, бирок айрым убакта андан да көп болушу мүмкүн. Анализдин алынган маалы потогенездин ар кандай күндөрүнө туш келип калышы мүмкүн. Ушул убакта лабораториялык тастыктоолор көрсөтпөй калышы мүмкүн. Вирустун жуга турган потенциалы өтө бийик. Вирус ошол адамдын кошо көтөрүп келген баштык-оокаттары, эмеректери же болбосо кийими менен келиши мүмкүн. Оорунун белгилери чыга элек болуп, ошондой эле анализде көрсөтпөй калышы мүмкүн, бирок баары бир ал адамдын организмде бар. Ошол убакта билинбей башка адамдарга да жугушу мүмкүн. Көбүнчө аралыкты сактабай калган учурларда вирус жугуп жатат. Аралыкты сактабай жатабыз. Дагы бир жолу бардыгынан суранып кетет элем, аралыкты сактайлы, бүгүн буга абдан муктаждык чоң”, - деп баса белгиледи Нурболот Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-майга карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 843кө жетти. Алардын ичинен 600 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 11 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий