• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавируска каршы эмделген жаран 3 күн медиктин көзөмөлүндө болот

COVID - 19 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Коронавируска каршы эмделген жаран 3 күн медиктин көзөмөлүндө болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова брифингде билдирди.

Анын айтымында, эмдөөнүн биринчи этабында Бишкекте, Ош шаарында, Сокулук жана Кант шаарында жүргүзүлөт.

"19-мартта Кытайдан SinoPfarm вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Өз ыктыяры менен макулдугун берген адам гана эмделет. Алгач жаран вакцинанын 1-дозасын, 2-дозасын качан алары тууралуу жазылган форма берилет. Анда кайсы вакцина аларын, анын таасири жөнүндө маалымат камтылган. Маалымдоо формасына кол койгондон кийин сурамжылоо баракчасы толтурулат. Анан эмдөө бөлмөсүнө кирет. Эмделген адамга карточка берилет. Карточкада вакцина алган адам тууралуу маалымат жазылат. Аягында байкоо бөлмөсүндө 30 мүнөт отуруп турат. Ошондой эле 3 күн катары менен жарандын абалы суралып турат", - дейт ал.

Ишенапысова кошумчалагандай, эмдөө иштери 10-15 күнгө созулат.

Пикир

Оставить комментарий