• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Коронавируска каршы эмделген жарандарды ким каттоодон өткөрөт? Жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова брифинг учурунда коронавируска каршы эмделген жарандарды ким каттоодон өткөрөрүн айтты.

Анын айтымында, вакцинацияланган жарандарды каттоодон медициналык кызматкерлер "Эмдөө реестри" электрондук тутумунда жүргүзүшөт.

“Эмделген жарандарды өз убагында каттоодон өткөрүү жана медицина кызматкерлердин ишин жеңилдетүү максатында Улуттук Кызыл жарым ай коому тарабынан өздүк курам 900 ыктыярчы жана 10 куратор менен камсыз болду”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий