• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 49,5 млн сом түштү

Коом 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча административдик эсепке 49,5 млн сом келип түштү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан белгилешкендей, 27-мартка (саат 17:00) карата административдик эсепке жалпысынан 49 млн 520 миң 447 сом түшкөн.

Ачылган эсептер:

1) Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган № 4402011000101373 "Саламаттык сактоо министрлиги – коронавирус боюнча иш-чаралар", БИК 440001 администрацияланган эсеби;

2) "РСК Банк" ААК № 1299004130020044 "COVID-19 менен күрөшүүнү колдоого акча каражаттарын чогултуу үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук казыналыгынын эсеби (сом менен)" эсептешүү эсеби, БИК 129001;

3) "Айыл Банк" ААК № 1352119927702865 "Ыктыярдуу төлөмдөр үчүн бирдиктүү эсеп (COVID) (сом менен)" эсептешүү эсеби, БИК 135001.

Акча каражаттарын чегерүү үчүн "14 511 100 – Мамлекеттин пайдасына алынган кирешелер" элементинин кодун пайдалануу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий