• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 83,5 млн сом түштү - штаб

COVID - 19 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 83,5 млн сом акча каражаты түштү. Бул тууралуу COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы күрөш боюнча Республикалык шатб билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 2-апрелине (саат 17.00) карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 83 млн 472 миң 193 сом акча каражаты түштү.

Ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар КР Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий