• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кытайдан келген гумжардам республиканын түштүгүнө жөнөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Кытай Эл Республикасынан келген гуманитардык жардамды бөлүштүрдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бир жолку комбинезондордон, медициналык көз айнектен, бир жолку стерилдүү желим хирургиялык колкаптардан жана бахилалардан турган топтомдор, 200 комплекттен Ош шаарына Жалал-Абад шаарына Ноокат, Сузак жана Ала-Бука райондорундагы медициналык кызматкерлерге берилди.

Ошондой эле Ош шаарына жана Ош облусуна 300 даана, Жалал-Абад облусуна – 200 жана Баткен облусуна – 100 даана инфракызыл термометрлер берилди.

Пикир

Оставить комментарий