• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавируска каршы күрөшүүдө бюджеттен канча каражат каралгандыгы белгилүү болду

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Республикалык штаб коронавируска каршы күрөшүүдө бюджеттен канча каражат каралгандыгын билдирди.

Ага ылайык, Саламаттык сактоо министрлигине 30 млн сом, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча ӨКМдин атайын эсебине 225 млн сом жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 631 млн сом бөлүнгөн.

“Зарылчылык болгондо, өкмөт дагы кошумча каражаттарды бөлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Ун ишканаларын жеӊилдиктер менен насыялоого бюджеттен 400 млн сом (ошондой эле “Айыл банк” жана РСК банк 400 млн сом бөлдү) каражаты бөлүндү. Бардыгы 800 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий