• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавируска каршы күрөшүүгө 3 млрд сом сарпталды, дагы 2 млрд сом жумшалат - Боронов

COVID - 19 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Коронавируска каршы күрөшүүгө 3 млрд сом сарпталды. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, жакынкы күндөрү дагы 2 млрд сом жумшалат. “Медкызматкерлерге жөлөкпул төлөө үчүн Саламаттык сактоо министрлигине 488,3 млн сом бөлүндү. Жөлөкпулдар март айынын аягынан баштап төлөнө баштаган. Анда 32 млн сом бөлүнгөн, апрелде дээрлик 130 млн сом, май жана июнда 190 млн сом жумшалган. Ошондой эле жеке коргонуучу каражаттарга 1 млрд 900 миң сом, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу медиктерге деп 225,6 млн сом, жеке коргонуучу каражаттарга 300 миң сом бөлүнгөн”, - дейт ал.

Боронов белгилегендей, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине дагы 208,9 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий