• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавируска каршы күрөшүүгө которулган акча каражаттарын кайсы сайттан көрсө болот? Бороновдун жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө арналган акча каражаттардын келип түшүүсү жана пайдаланышы тууралуу кенен маалыматты help.covid.kg сайтынан көрсө болот. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, калктан келип түшкөн каражаттар атайын комиссиянын негизинде бөлүштүрүлөт.

“COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө жардам көрсөтүү жана чогултуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 13-апрелге карата 123 млн сомдон ашык каражат түштү. Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине 9 млн сомдон ашык акча түштү", - дейт ал.

Боронов белгилегендей, акча каражаттар медкызматкерлерге жана тиешелүү жабдыктарды алууга жумшалат. "Элден келип түшкөн акча каражаттын бир бөлүгү медкызматкерлерге үстөк төлөм төлөөгө колдонулган", - дейт вице-премьер.

13-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 419га жетти. Алардын ичинен 79у медицина кызматкерлери. Коронавирустан 67 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий