• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавируска каршы күрөшүүгө жардам катары түшкөн каражаттын канчасы сарпталды?

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. КР өкмөтү Коронавирустук инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүү үчүн жардам иретинде түшүп жаткан акча каражаттары тууралуу маалымат берет.

Бардык ыктыярдуу финансылык жардам көрсөтүүлөр КР Финансы министрлигинин эсебине түшөт.

Бүгүнкү күнү жеке жана юридикалык жактардан түшкөн каражаттардын бир дагы сому коротулган жок.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги түшкөн каражаттардын көлөмү жана аларды максаттуу сарптоо тууралуу өлкө коомчулугуна туруктуу негизде маалымдап турат.

Түшкөн финансы каражаттарын ачык пайдаланууга атайын түзүлгөн байкоочу кеңеш көзөмөл жүргүзөт. Анын курамына өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү кирет.

Пикир

Оставить комментарий