• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавируска каршы күрөшкө тартылган медиктерге кенемте төлөмдөрү көбөйтүлүүдө - Исмаилова

COVID - 19 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Коронавируска каршы күрөшкө тартылган медкызматкерлердин кенемте төлөмдөрү көбөйтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, өкмөт тарабынан медициналык кызматкерлерге төлөнүүчү кенемте төлөмдөрү кайра каралып, анын өлчөмү көбөйтүлүүдө.

"Биринчи категорияга кирген казармалык тартипте иштеп жаткан дарыгерлерге мурда 1 күнгө 2,3 миң сом төлөнсө, ал 30%га көбөйтүлүүдө. Мурда 15 күн иштеген үчүн (2,3 миң сом менен эсептегенде) 34,5 миң берилчү. Эми 1 күн үчүн төлөм 3 миң сомго чейин көбөйтүлүүдө. Андан тышкары обсервацияга чыккан медицина кызматкерлери ал жактагы ар бир күн үчүн 900 сомдон алышат", - деди ал.

Ошондой эле казармалык тартипте иштеген орто медициналык персоналдын кенемте төлөмдөрү 2 миң сомдон 2,5 миң сомго, кенже кызматкерлердики 1,8 миң сомдон 2,2 миң сомго чейин көбөйтүлүүдө.

Медицина кызматкерлердин обсервацияда болгон күндөрү 14 күндөн 7 күнгө кыскартылган.

"Экинчи категориядагы график боюнча иштеген медицина кызматкерлери үчүн да кенемте төлөмдөрү кайра каралды. Дарыгерлерге төлөнүүчү төлөм 30%га көбөйтүлдү. Мурда алар иштеген ар бир саат үчүн 100 сомдон алса, эми 130 сомдон ала баштайт. Медицина кызматкерлери бир ай иштейби же 14 күн иштейби аны өзүнүн ден соолугуна жараша чечет", - деди ал.

Ошол эле учурда орто медициналык кызматкерлердин төлөмдөрү 90 сомдон 120 сомго, кенже кызматкерлердики 80 сомдон 100 сомго көбөйтүлүүдө.

Анын айтымында, үчүнчү категорияга тез жардам кызматы бөлүнгөң. Аларга кенемте төлөм ар бир оору жуктурган бейтапка көрсөткөн кызматы үчүн төлөнөт. Мурда дарыгерлерге 600 сом төлөнүп келсе, эми алар 750 сомдон ала башташат. Орто медициналык кызматкерлер 600 сом (мурда 500 сом болгон), ал эми кенже кызматкерлер 500 сом (мурда 400 сом болгон) ала баштайт.

Ошондой эле табытканаларда (морг) иштеген патологоанатом, медицина кызматкерлерине кенемте төлөмдөрү көбөйтүлүүдө. Дарыгерлерге коронавирустан каза болгон бейтапка патологоанатомиялык изилдөө жүргүзүү үчүн 1 миң 250 сом (мурда 500 сом болгон), орто медициналык кызматкерлерге 1 миң сом (мурда 800 сом болгон), ал эми кенже кызматкерлерге 800 сом (мурда 600 сом болгон) төлөнө баштайт. Андан тышкары орто жана кенже кызматкерлерге коронавирустан каза болгон бейтапты жерге берүүгө даярдаганы үчүн 130 сомдон төлөнөт.

Пикир

Оставить комментарий