• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавируска каршы клиникалык изилдөөлөр үчүн Кыргызстанга дары-дармектер келет

COVID - 19 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өткөргөн коронавируска каршы клиникалык изилдөөлөргө катышат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Саламаттык сактоо министрлиги ал клиникалык изилдөөлөргө катышууну чечти. Бизге европалык стандарттарга туура келген дары-дармектер келет. Биз аларды бейтаптарды дарылоого колдонуп көрөбүз", - деди ал.

Анын айымында, ал дары-дармектерди пайдалануу боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун клиникалык колдонмосу бар.

"Кийинчерээк алардын жыйынтыктары боюнча маалымат беребиз. Алар жакшы натыйжа берет деп үмүт кылабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-апрелге карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 708ди түзөт. Алардын ичинен 416 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий