• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавируска каршы QazVac вакцинасы Кыргызстанда катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Коронавируска каршы QazVac вакцинасы 18-августта Кыргызстанда катталды. Бул тууралуу "Кабарга" Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда айрым деталдар талкууланууда. "Казак вакцинасы менен эмдөө эмки жумада башталат, вакцина региондорго бөлүндү", - деди ал.

Эске сала кетсек, 28-июлда Кыргызстанга гуманитардык жардам түрүндө QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы келген.

Пикир

Оставить комментарий