• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавируска каршы "Спутник V” вакцинасын алган кыргыз дипломаттарынын абалы айтылды

Коом 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасын алган дипломаттардын абалы тууралуу айтты.

Дипломаттык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан “Кабар” агенттигине билдиргендей, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн акысыз вакцина алуу мумкүнчүлүгү тууралуу сунуш Россия тараптан түшкөн.

“Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин дипломаттык курамынын арасынан айрым кызматкерлер COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы “Спутник V” вакцинасын алышты. Азыркы учурга карата кызматкерлердин абалы канааттандырарлык деп бааланууда”, - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Өз кезегинде элчилик тараптан кызматкерлердин ден соолугунун тезирээк калыбына келүүсү үчүн зарыл шарттар түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий