• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Коронавируска каршы вакцина сатып алууга бюджеттен 600 млн сом бөлүндү

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Коронавируска каршы вакцина сатып алууга бюджеттен 600 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, бөлүнгөн каражатка россиялык “Спутник V” вакцинасы алынат. Бир доза вакцинанын наркы 10 долларды түзөт.

“Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри калкты жетиштүү деңгээлде вакцина менен камсыз кылуу үчүн колдон келген аракетти көрүүдө. Калктын 70%ы эмдөөдөн өтүшү керек”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий